Каржылык алдамчыларды таанууга жардам берген 5 белги

Каржы шылуундарын аныктаганга жардам берген 5 белги

Технология өнүккөн сайын, шылуундар банк карталарынан акча уурдоо үчүн жана зарыл маалыматты алуу үчүн улам жаңы айла-амалдарды ойлоп таап жатышат. Негизинен, алардын кылтагына илингендер – ишенчээк жана сак болбогон жарандар. Сиздерге шылуундарды аныктаганга жардам берген 5 белги тууралуу маалымат беребиз.

1-белги. Сизге тааныш эмес номур менен чалышат

Сизге бейтааныш бирөө чалат же СМС билдирүү жөнөтөт же болбосо WhatsApp аркылуу жазат. Ал өзүн ар кандай инсан катары тааныштырышы, мисалы, Банктын кызматкери же сиздин алыс туугандарыңыздын бири экенин айтып, сизден кандайдыр бир маалыматты сурайт, тагыраак айтканда, кептин төрү акча жөнүндө болот. Дасыккан шылуундарга номурду алмаштыруу же жалган аккаунттарды, фишинг сайттарын жасоо кыйынга деле турбайт. Кандай болбосун, эгер сизге бейтааныш бирөө чалса, ушунун өзү эле сак болушуңуз керектигин билдирет.

2-белги. Сөздүн төркүнү акча туурасында жүрөт

Шылуундардын негизги максаты – сиздин акчаңызды уурдоо же ага жетүүнүн жолун табуу, ошол себептен сөз жалаң гана акча туурасында болот. Алар ар кандай жалган сөздөрдү айтышы мүмкүн, бирок бир эле нерсени – сиздин акча-каражатыңызга жетүүнүн жолун табууну – көздөйт. Адатта, шылуундар төмөнкүдөй жалган сөздөрдү айтышат:

  • Сиздин атыңызга насыя алууга макулдук берилди…
  • Сиздин картаңыз боюнча шектүү иш-аракеттер кылынып жатыптыр…
  • Сизге Улуттук Банктан чалып жатам. Сиздин эсебиңизге капыстан 150 000 сом которулуп кетиптир, сураныч, которулган акчаны кайра артка жөнөтүп коёсузбу, ал үчүн бул шилтеме боюнча кириңиз.
  • Сизге банктан чалып жатам, биздин системада сиздин маалыматтарыңыз эскирип калыптыр, аларды жаңыртуу үчүн бул шилтеме боюнча кириңиз.

3-белги. Сизден банк маалыматтарыңызды алууга аракет кылышат

Шылуундар түрдүү жолдор менен сиздин банктык жеке маалыматтарыңызды билип алууга аракет кылышат, аларга булар кирет: картанын номуру, картанын жарактуу мөөнөтү, CVV-коду, же мобилдик банкингдин сыр сөзү. Алар сизге ал маалыматтарды телефондон айтууну же болбосо шилтеме аркылуу кирүүнү айтышы мүмкүн.

Бирок, кандай амал колдонбосун, үчүнчү жактарга жеке маалыматтарыңызды бербеңиз жана шилтемелер аркылуу кирбеңиз. Банктын кызматкерлери сизден мобилдик банкингдин сыр сөзүн же карта эсебин эч качан сурашпайт. Эгер сурап жатса, демек, сизге шылуун чалып жатат жана сизди алдоону көздөп жатат деп түшүнсөңүз болот.

4-белги. Сизди алдастап калгыдай абалга жеткиришет

Сүйлөшүп жатканда шылуундар алардын олжосуна айланышы мүмкүн болгон адамдарды, сактыгын жоготуп коюшу үчүн, ар кандай жол менен башкарып алууну көздөшөт. Алардын максаты сизди алдастап калганчалык абалга жеткирүү, ошондой жол менен алар маалыматты оңой алып алышат. Алар сизди коркутуп-үркүтүшү, же, тескерисинче, бир нерсе утуп алганыңызды айтып, сүйүндүрүшү мүмкүн.

5-белги. Сизге моралдык жактан кысым көрсөтүшөт

Сиз менен сүйлөшүп жатканда шылуун дароо иш-аракет кылышыңызды, болбосо кеч болуп калышы мүмкүн экенин айтат. Эгер сиз өзүңүздү кысым көрсөтүлүп жаткандай сезип жатсаңыз, анда билип коюңуз: сиз менен сүйлөшүп жаткан киши – шылуун.

Эгер сиз шылуундукка жаткан иштерге туш болгон болсоңуз же ою жаман кишилер сиздин жеке маалыматтарыңызды алууну көздөп жатат деп шектенип жатсаңыз, анда сизден суранабыз, Банктын 24/7 бою иштеген байланыш борборуна 2222 кыска номуру аркылуу чалыңыз.