Онлайн насыя боюнча өзүнүн пайыздык ченин тандоого үлгүрбөй калгандар үчүн жакшы жаңылык! DemirBank «Пайыздык чениңизди өзүңүз тандаңыз» акциясын узартып, кардарларга өзгөчө мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга — насыя боюнча өздөрү каалаган пайыздык ченди сунуштоого кошумча убакыт берет.
Кыргызстанда биринчи жолу 2026-жылдын август айында башталган акция насыя берүүгө карата көнүмүш мамилени өзгөртөт. Эми кардар насыянын суммасын жана мөөнөтүн гана тандабастан, аны кандай пайыздык чен менен алууну кааларын да өзү аныктайт.
Акциянын жаңы мөөнөтү: 16-ноябрды кошо алганда.
Өзүңүз каалаган пайыздык ченди кантип тандасаңыз болот?
- DemirBank тиркемесин ачып, онлайн насыя алууга өтүнмө бериңиз.
- Насыянын керектүү суммасын жана мөөнөтүн тандаңыз.
- Каалаган пайыздык чениңизди көрсөтүңүз. Тиркеме анын жактырылуу ыктымалдыгын болжолдуу түрдө көрсөтөт.
- Акцияга катышууңузду ырастап, жыйынтыгын күтүңүз.
Күн сайын саат 18:00дө Банк келип түшкөн өтүнмөлөрдү эң жогорку пайыздык чен сунушталган өтүнмөлөрдөн баштап карап чыгат. Акциянын алкагында берилүүчү насыялардын жалпы лимити күнүнө 2 000 000 сомду түзөт.
Карап чыгуунун жыйынтыгы push-билдирүү түрүндө келет. Тандалган пайыздык чен жактырылган учурда насыяны 24 сааттын ичинде тариздөө зарыл.
Эгер сунушталган пайыздык чен жактырылбаса, Банк альтернативдүү шарттарды — стандарттуу пайыздык ченден 1 пайыздык пунктка төмөн ченди сунушташы мүмкүн.
Пландарыңызды кийинкиге калтырбаңыз! DemirBank мобилдик тиркемесин ачып, каалаган пайыздык чениңизди тандап, онлайн насыя алууга бүгүн эле өтүнмө бериңиз.
Акцияга катышуу насыянын жактырылышына кепилдик бербейт. Чечим Банк тарабынан колдонуудагы талаптарга жана жол-жоболорго ылайык кабыл алынат. ЖЭПЧ — 22,3%га чейин.
