Насыяны өз шарттарыңыз менен алууга дагы көбүрөөк убакыт!
DemirBank уникалдуу акциянын алкагында насыя берүүнүн жаңы ыкмасын биринчи жолу сунуштап, кардарларга өздөрүнүн онлайн-насыясы боюнча пайыздык ченге өз алдынча таасир этүү мүмкүнчүлүгүн берди. Белгиленген шарттардын ордуна ар бир кардар өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жана каалоолоруна жараша пайыздык ченди өзү сунуштай алат.
Акцияны өткөрүүнүн жаңы мөөнөтү: 2026-жылдын 28-декабрына чейин (кошо алганда).
Өз пайыздык ченин кантип тандоо керек?
- DemirBank тиркемесин ачып, онлайн-насыя алууга өтүнмө бериңиз.
- Керектүү сумманы жана насыялоо мөөнөтүн тандаңыз.
- Каалаган пайыздык ченди көрсөтүңүз. Тиркеме анын жактырылышынын болжолдуу ыктымалдыгын көрсөтөт.
- Акцияга катышууну ырастап, жыйынтыгын күтүңүз.
Күн сайын саат 18:00дө Банк келип түшкөн өтүнмөлөрдү пайыздык чени эң жогору сунуштардан баштап карайт. Акциянын алкагында насыя берүүнүн жалпы лимити күнүнө 2 000 000 сомду түзөт.
Карап чыгуунун жыйынтыгы push-билдирүү түрүндө жөнөтүлөт. Тандалган пайыздык чен жактырылган учурда, насыяны 24 сааттын ичинде тариздөө зарыл.
Эгерде сунушталган пайыздык чен жактырылбаса, Банк альтернативдүү шарттарды — стандарттык пайыздык ченден 1 пайыздык пунктка төмөн ченди сунушташы мүмкүн.
Насыяңыздын шарттарына таасир этүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! DemirBank мобилдик тиркемесин ачып, каалаган пайыздык ченди тандап, бүгүн эле онлайн-насыя алууга өтүнмө бериңиз.
Акцияга катышуу насыянын жактырылышына кепилдик бербейт. Чечим Банк тарабынан колдонуудагы талаптарга жана жол-жоболорго ылайык кабыл алынат. Насыянын толук наркынын эффективдүү пайыздык чени (ГЭПС) — 22,3%га чейин.
