"Демир Банк" IFC менен өнөктөштүктө Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто бизнести каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтет.

"Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАК (мындан ары - "Демир Банк") жана Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) Макулдашууга кол коюшту, ага ылайык IFC "Демир Банк" тарабынан чыгарылган облигацияларга 15 млн АКШ долларын инвестициялайт.

Облигацияларды чыгаруу аркылуу акча каражаттарын тартуунун негизги максаты - чакан жана орто ишканалар үчүн, анын ичинде айыл жерлеринде каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү. Кол коюлган келишимге ылайык, каражаттардын кеминде 25%ы аялдардын бизнесин колдоого багытталат, бул эки уюмдун тең инклюзивдүү өсүү принциптерине берилгендигин билдирет. Бул кийинки беш жылдын ичинде 1200дөн 2000ге чейин түз жана кыйыр жумуш орундарын түзүүгө жардам берет.

Кыргыз Республикасындагы микро-, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) каржылоонун олуттуу жетишсиздигин сезип жатышат, ал ИДПнын 18%ын түзөт. №Дүйнөлүк банктын Ишканаларга сереп салуусунун (2023)" маалыматы боюнча, расмий МЧОИнин 22%дан азы банктык каржылоого мүмкүнчүлүгү бар, ал эми 38%ы каржылык кыйынчылыктарга дуушар болууда.

"IFC инвестициясы биздин Кыргыз Республикасында экономикалык диверсификацияны, каржылык жеткиликтүүлүктү жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү колдоого болгон берилгендигибизди баса белгилейт. Улуттук валютада узак мөөнөттүү каржылоону камсыз кылуу менен, биз чакан ишканаларга, өзгөчө аялдарга таандык ишканаларга өсүүгө жана гүлдөөгө, жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө умтулабыз", - деди "Демир Банктын" башкы менеджери Л. Шевки Сарылар.

"Бул долбоор Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) Кыргыз Республикасындагы экономикалык туруктуулукту жогорулатуу жана каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча аракеттерин күчөтөт", - деди IFCнын Борбордук Азия жана Түркия боюнча аймактык менеджери Ален Ноунке. "Демир Банк тарабынан чыгарылган облигациялар жергиликтүү капитал рыногунун өнүгүшүнө да колдоо көрсөтөт деп күтүлүүдө, ал эми IFCнын катышуусу башка инвесторлорду ушундай демилгелерге тартууга жардам бере турган күчтүү сигнал болот".

IFCнын Демир Банк менен өнөктөштүгү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (IDA Private Sector Window) "Жеке сектор терезеси" программасынын алкагында улуттук валютада каржылоо механизминин колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул өнөктөштүк IFCнын Кыргыз Республикасындагы жеке бизнести колдоо жана экономикалык өсүштү стимулдаштыруу боюнча кеңири стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Маалымкат:

Демир Банк - 1997-жылы негизделген Кыргыз Республикасындагы биринчи эл аралык коммерциялык банк. Бүгүнкү күндө каржы институту республиканын банк системасында алдыңкы орундардын бирин ээлеп, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин жогорку деңгээлде көрсөтүп келет. Чейрек кылымдан ашык убакыт ичинде банк ондогон ири долбоорлорду ишке ашырды, алар бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда.