Кредиттик карта лимити менен которуулар жана төлөмдөр – комиссиясыз!

Насыя картаңыздын лимитинен комиссиясыз акча которуңуз жана төлөмдөрдү жүргүзүңүз!

DemirBank мобилдик тиркемесиндеги жаңы ыңгайлуу функция тууралуу билдирүүгө кубанычта! Эми банк кардарлары өздөрүнүн насыя картасынын лимитинен акча алуу же транзакция жүргүзүү үчүн эч кандай кошумча комиссия төлөбөй акча которуп, ар кандай кызматтарды төлөй алышат!

Насыя картасынын лимити менен эмнелерди кылса болот?

Мындай жаңы мүмкүнчүлүк өз ичине бир катар ыңгайлуу операцияларды камтыйт, алардын баарын түз эле мобилдик тиркеменин ичинен эле жүргүзө аласыз:

  • ELQR и DKIB QR түзүмдөрү боюнча QR-төлөмдөр;
  • ELQR аркылуу Кыргызстандагы башка банктардын колдонуучулары болгон жеке жактардын жана юридикалык жактардын эсептерине акча которуу;
  • Клиринг жана Гросс төлөмдөрү;
  • Телефон номуру, дебет картасынын номуру, эсептин номуру боюнча же QR-код аркылуу ич ара акча которуу;
  • Өз эсептер араллык акча которуу.

Насыя картасынын лимитинен кантип акча которууга же төлөм жүргүзүүгө болот?

  1. Мобилдик тиркемени ачып, QR-коддорду сканерлеген сканерди ачыңыз.
  2. Тийиштүү QR-кодду сканерлеңиз.
  3. Эсептердин тизмесинен насыя картасын тандап, транзакцияны аягына чыгарыңыз.

Маанилүү маалымат:

  • Жеңилдетилген мезгилде пайызсыз: эгерде сиз жеңилдетилген мезгил алкагында төлөм жүргүзө турган болсоңуз, пайызы эсептелбейт.
  • Акча которуу боюнча белгиленген чен: акча которулгандан кийин насыя каражаттарын колдонгону үчүн айына 2,5% пайыздык чен колдонулат.

DemirBankтын мобилдик тиркемесиндеги бул жаңы функцияны бүгүн эле колдонуп көрүңүз!