“Демирбанк” ТЭШ үчүн атайын тарифтерди сунуштайт
“Демирбанк” көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин шериктиктери (ТЭШ) үчүн атайын тарифтерди ишке киргизгенин кубануу менен билдирет.
Жаңы шарттар 26-майдан тартып күчүнө кирет.
Эми ТЭШ төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат:
✅ Эсептик эсепти акысыз ачуу – оңой жана кошумча чыгымдарсыз.
✅ Visa Business корпоративдик карталарын акысыз чыгаруу жана тейлөө – ТЭШдин финансыларын башкаруунун ыңгайлуу жолу.
✅ Улуттук валютадагы акча которууларга арзандатылган тарифтер – ыкчам жана коопсуз.
Биз башкаруучу уюмдарды колдоону көздөйбүз жана алар үчүн банк кызматтарын жеткиликтүү жана пайдалуу кылууга аракет кылабыз.
| ОПЕРАЦИЯ ТҮРҮ | АКЫСЫ |
| БАНКТЫК ЭСЕПТЕР | |
| ЭСЕПТИ АЧУУ | |
| Корпоративдик Интернет-Банкинг системасына акысыз туташуу менен бир кардардык номер менен эсептерди ачуу | акысыз |
| Бир кардарлык номердеги эсептерди тейлөө | акысыз |
| КОРПОРАТИВДИК "VISA BUSINESS" КАРТАСЫН ЧЫГАРУУ ЖАНА ТЕЙЛӨӨ | |
| Картаны чыгаруу | акысыз |
| Картаны тейлөө үчүн жылдык төлөм | акысыз |
| ЧЫГУУЧУ АКЧА КОТОРУУЛАРЫ (**) | |
| Улуттук валютада акча которуулар (бир төлөм буйругу үчүн) | |
| Интернет Банкинг аркылуу клиринг убагында саат 9:00 дон 11:45 ке чейин жүргүзүлгөн төлөмдөр | 20 000 сомго чейин – 20 сом, 100 000 сомго чейин – 30 сом, 100 001 сомдон жогору – 50 сом. Акция: акысыз 2025-жылдын 30-сентябрына чейин |
ТЭШ үчүн эсеп ачуу жана аны башкарууда заманбап каржылык инструменттерди колдонуңуз.
Эсеп ачуу үчүн керектүү документтер тизмеси: https://demirbank.kg/uploads/pages/07102024-deb3ef9f63.pdf
Кененирээк маалымат алуу үчүн биздин бөлүмдөргө кайрылыңыз же кыска номер аркылуу Байланыш борборуна чалыңыз: 2222
