Урматтуу кардарлар!
Сиздерге 2026-жылдын 28-октябрынан 29-октябрына караган түнү саат 01:00дөн 03:00гө чейин GMT+6 убактысы боюнча техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.
Ушуга байланыштуу ДКИБдин төмөнкү кызматтары убактылуу жеткиликсиз болот:
- ДКИБдин төлөм карталары боюнча транзакциялар;
- ДКИБ тарабынан чыгарылган Mastercard карталары боюнча транзакциялар;
- ДКИБ тарабынан чыгарылган Mastercard карталары менен башка банктардын түзмөктөрүндө жүргүзүлүүчү транзакциялар;
- банкоматтардагы транзакциялар;
- POS/VPOS-терминалдарындагы транзакциялар;
- мобилдик/интернет-банкингдин айрым кызматтары;
- ДКИБдин карталарын Apple Pay, Google Pay жана Garmin Pay электрондук капчыктарына кошуу.
Жогоруда аталган кызматтар боюнча бардык операцияларды алдын ала пландаштырууңузду суранабыз.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
