DemirBank эл аралык которуулардын жаңы сервисин ишке киргизди. Эми банкка барбастан эле мобилдик тиркеме аркылуу Түркияга акча жөнөтсө болот.
Акча которууну кантип жөнөтүү керек?
- DemirBank мобилдик тиркемесин ачыңыз.
- «Которуулар» → «Башка өлкөгө» → «Түркия» бөлүмүнө өтүңүз.
- Каражаттарды жөнөтүүнүн ыңгайлуу ыкмасын тандаңыз.
- Алуучунун маалыматтарын жана которуунун суммасын көрсөтүңүз.
- Маалыматты текшерип, операцияны ырастаңыз.
Жөнөтүү алдында система алуучу түрк лирасында ала турган сумманы автоматтык түрдө эсептеп берет.
Акча которуунун ыкмалары
- Банктык картага же эсепке;
- Электрондук капчыкка;
- Алуучунун аты-жөнү боюнча.
Которуунун шарттары
- Жөнөтүү валютасы: кыргыз сому (KGS).
- Бир операция менен которуунун суммасы: 200дөн 100 000 сомго чейин.
Түркияга акча которууларды DemirBank менен тез жана комиссиясыз жөнөтүңүз!
