Кыргызстандагы алдыңкы санариптик банктардын бири “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” жабык акционердик коому (DemirBank) менен Өзбекстандын алдыңкы санариптик банкы “UzumBank” Борбордук Азиядагы каржы кызматтарын санариптик трансформациялоону тездетүүгө багытталган стратегиялык өнөктөштүккө жол ачышты.
Эки уюм тең заманбап, коопсуз жана кардарларга багытталган финтех чечимдерин түзүү үчүн өз тажрыйбасын бириктирүүдө. Кызматташтыктын негизги багыты тез жана ыңгайлуу мамлекеттер аралык акча которуу кызматтарын өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы миллиондогон адамдар үчүн финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жөнөкөйлөштүрүүчү инновациялык продуктуларды түзүү болуп саналат.
Бул кызматташтык финансылык технологиялар менен гана чектелбестен, экономикалык байланыштарды чыңдоо жана аймактык интеграцияны өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат.
"Биз бул жолду Uzum Bank менен бирге баштаганыбызга абдан шыктанып турабыз. Биздин өнөктөштүк жөн гана расмий келишим эмес, күч-аракеттерди стратегиялык бириктирүү. Биргелешип, биз кардарларыбыз үчүн чыныгы баалуулуктарды жаратып, Борбор Азиянын каржылык экосистемасынын өнүгүшүнө салым кошо турган санариптик келечекке карай бет алдык. Мындан тышкары, бул кызматташтык өлкөлөрүбүздүн ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт", - деди Демир Банктын Башкармалыгынын төрага орун басары Хасан Уфук Динч.
"DemirBank менен өнөктөштүк кардарлар жана бизнес үчүн үзгүлтүксүз финтех кызматтарын өнүктүрүү боюнча практикаларды жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жергиликтүү инфраструктуранын негизинде финансылык продуктыларды түзүү боюнча биздин тажрыйбабыз биздин өлкөлөр үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия региону үчүн сапатты арттырган жаңы чечимдерди ишке киргизүүгө жардам берет деп ишенем", - деди Үзүм Банктын Башкармалыгынын төрага орун басары Павел Корзык.
Demir Bank өнөктөштүктүн алкагында биринчи кадам катары Өзбекстанга акча которуу кызматтарын, анын ичинде улуттук Uzcard жана Humo карталарына которууларды ийгиликтүү ишке киргизди. Бул жыйынтык жарандарга сезилерлик пайда алып келе турган жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдай турган узак мөөнөттүү жана стратегиялык маанилүү кызматташтыктын башталышын билдирет.
*Бишкек/Ташкент, сентябрь 2025-жыл*
