DemirBank аялдар ишкердигин колдогон алдыңкы 10 банктын катарына кирди

DemirBank Кыргызстандагы аялдар ишкердигин колдоо боюнча алдыңкы 10 банктын тизмесине кирди. Бул жетишкендик аялдардын ишкердигин комплекстүү колдоого багытталган атайын «Арууке» программасынын ишке киргизилишинин аркасында жетишилди.

Программанын башталышы: 2025-жылдын 29-июлу

Негизги шарттар:

  • Жылдык пайыздык чен – 17 %дан баштап
  • Ишкердик максаттарга ылайыкташтырылган ийкемдүү төлөө графиги
  • Насыяны суммага жараша күрөөсүз алуу мүмкүнчүлүгү
  • Насыянын суммасы: 100 000 сомдон 1 000 000 АКШ долларына чейин

Катышуучулар үчүн атайын артыкчылыктар:

  • Банктык эсепти акысыз ачуу
  • VISA/Mastercard карталарын акысыз чыгаруу жана тейлөө (алгачкы 2 жыл)
  • Интернет-банкингге акысыз кошулуу мүмкүнчүлүгү
  • Эмгек акы долбооруна акысыз кошулуу
  • POS-терминал жана QR чечимдерди акысыз орнотуу
  • POS-операцияларынан кийинки сомдук каражаттарды акысыз накталаштыруу
  • SWIFT которууларына 25 % арзандатуу **
  • Сейфтик ячейкаларды ижарага алуу үчүн 25 % арзандатуу

** минималдуу комиссияга колдонулбайт

DemirBank аял ишкерлер үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү улантып, өзгөчө насыя шарттарын жана акысыз банктык кызматтарды сунуштап келет. «Арууке» программасы – бул аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экономикалык потенциалын бекемдөөгө багытталган практикалык салым.

Кененирээк маалымат алуу үчүн 2222 кыска номери аркылуу Байланыш борборуна кайрылыңыз.