Кредиттик картаны жоготкондо/уурдатып алгандагы көрсөтмөлөр

Эгер Сиздин картаңыз Кыргызстанда жоголуп/уурдалса, Сиз Банктын 24/7 күнү-түнү иштеген кардарларды колдоо борборуна чалып, картаңыздын иштөөсүн токтотуп турушуңуз керек: +996 (312) 610 610, +996 (312) 610 613, 2222 Бул кызмат бекер көрсөтүлөт.
Насыя картаңызды кайрадан чыгартуу үчүн Банктын каалаган филиалына кайрылууңуз зарыл.

Эгер Сиздин картаңыз чет мамлекетте жоголуп/уурдалса, анда Сиз бул номерге чала аласыз:

Банктын 24/7 күнү-түнү иштеген кардарларды колдоо борборуначалып жанакартаңыздын иштөөсүн токтотуп турушуңуз керек: +996 (312) 610 610, +996 (312) 610 613, 2222 Бул кызмат бекер көрсөтүлөт;

же 24/7 Кардарларды колдоо Глобалдуу Кызматыначалып жанакартаңыздын иштөөсүн токтотуп турушуңуз керек: +7 727 399 0303 (чалуу акылуу).

Картанын иштөөсүн токтотуп туруу үчүн алым 35 АКШ доллары.Картанын иштөөсүн жандандыруу үчүн алым 3АКШ доллары. Жалпы суроолор боюнча алым 7,50 АКШ доллары.

Шашылыш накталай акча берүү

Эгерде Сиз чет өлкөдө жүрүп, насыя картаңызды жоготуп алсаңыз сарсанаа болбоңуз. Биринчи ирээтте, телефон чалуу менен насыя картаңыздын иштөөсүн токтоттуруп коюңуз. Эгерде Сизге накталай акча керектелип жатса, анда Сиз каалаган жергиликтүү Банкка кайрылып же Western Union / MoneyGram төлөм системаларын тейлеген бөлүмдөргө кайрылыңыз. Сиз 3 000 АКШ долларына чейинки накталай акчаны ала аласыз же Сиз учурда болгон мамлекеттин акча өлчөмүнө барабар болгон акчаны АКШ менен Канадада 24 сааттын ичинде же АКШ жана Канададан тышкары мамлекеттерде 1 жумуш күнү ичинде накталай акчаны ала аласыз. Тез арада накталай акча берүү үчүн комиссия 175 АКШ доллары.
Телефону: +7 727 399 0303 (чалуу акылуу). Если Ваша кредитная карта была утеряна/украдена в Кыргызстане, Вам необходимо позвонить в Колл-центр DemirBank 24/7 и заблокировать Вашу карту: +996 (312) 900 777, +996 (312) 610 613 Данная услуга является бесплатной.

Тез арада насыя картасын чыгаруу

Эгерде Сиз саякаттап жүргөн учурдакартаңыз жоголгон/уурдалыпкеткенболсо, картаңыздын иштөөсүн сөзсүз токтотуп турушуңуз керек. Сиз жоголгон картанын ордуна тез арада кайра жаңы карта чыгарууга буйрук берсеңиз болот. Кайра чыгарылган карта накталай эмес төлөмдөр үчүн, Интернет аркылуу сатып алуулар үчүн колдонулат, бирок банкоматтарда колдонулбайт. Кайра чыгарылган карта стандарттык Visa дизайнына ээ жана алкардардын жашаган жерине акысыз жеткириле алат, мисалы жатаканасына же жергиликтүү банктын кеңсесинден алынса болот. Тез арада картаны алмаштыруу үчүн комиссия 250 АКШ доллары.Жергиликтүү банк кеңсесинден тез арада карта чыгаруу үчүн комиссия 25 АКШ доллары.Тез арада картаны алмаштыруу/накталай акча берүү процессин жокко чыгаруу үчүн комиссия 50 АКШ доллары.

Телефону: +7 727 399 0303 (чалуу акылуу).