Интернет-Банкинг
Салыктар
Салыктарды онлайн төлөңүз – тез жана ыңгайлуу! Эми сиз DemirBank’тын Интернет-банкингинде «Мамлекеттик кызматтар» бөлүмүндө салыктарды эсептеп, төлөй аласыз. Бул функция бардык салык түрлөрү үчүн жеткиликтүү.
Башка салыктарды төлөө:

- Өзүңүздүн же башканын ИЖН текшериңиз же киргизиңиз;
- Районду жана айыл аймагын тандаңыз;
- Салык түрүн жана бюджеттик классификация кодун тандаңыз;
- Салык төлөө тартиби менен таанышып, «кушбелги» белгисин коюңуз;
- Керектүү сумманы киргизип, «Улантуу» баскычын басыңыз;
- Маалыматты текшерип, «Ырастоо» баскычын басыңыз — даяр!
Кыймылсыз мүлк үчүн салык төлөө:

- Өзүңүздүн же башканын ИЖН текшериңиз же киргизиңиз;
- Кыймылсыз мүлктүн КМБ кодун киргизиңиз;
- Салык мезгилин жана мүлк түрүн тандаңыз;
- Кошумча коэффициенттерди киргизиңиз;
- Салык төлөө эрежелери менен таанышып, ошол пунктту «кушбелги» менен белгилеңиз;
- «Салык суммасын эсепте» баскычын басыңыз;
- Эсептөөнү текшерип, «Ырастоо» баскычын басыңыз — даяр!
Кыймылдуу мүлк үчүн салык төлөө:

- Өзүңүздүн же башканын ИЖН текшериңиз же киргизиңиз;
- Унаанын мамлекеттик номерин киргизиңиз;
- Салык мезгилин жана транспорт түрүн тандаңыз;
- Салык төлөө эрежелери менен таанышып, ошол пунктту «кушбелги» менен белгилеңиз;
- «Салык суммасын эсепте» баскычын басыңыз;
- Эсептөөнү текшерип, «Ырастоо» баскычын басыңыз — даяр!
Салык ийгиликтүү төлөнгөндөн кийин сизге ырастама берилет жана дароо түбүн басып чыгара аласыз.
DemirBankтын акча которуудагы тарифтери
Салыктын кайсы түрлөрүн Интернет-банкинг аркылуу төлөсө болот?
| ИБ аркылуу жеке жактар жана жеке ишкерлер төлөй ала турган салыктардын түрлөрү | Салыкты төлөө мөөнөтү |
| Айыл чарбасына багытталган жер салыгы | 1) Салыктын 20%ы – быйылкы жылдын 25-апрелинен кийинки күндөн кечикпестен төлөнүшү керек; 2) Салыктын 25%ы – быйылкы жылдын 25-августунан кийинки күндөн кечикпестен төлөнүшү керек; 3) Салыктын 55%ы – быйылкы жылдын 25-ноябрынан кийинки күндөн кечикпестен төлөнүшү керек |
| Айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы | Ар үч айда, учурдагы кварталдын биринчи айынын 20-сынан кийинки күндөн кечикпестен. |
| Үй жанындагы участоктор үчүн жер салыгы (үй жанындагы, кожолук жана бакча участокторун камтыйт). | Жыл сайын, үстүбүздөгү жылдын 1 - сентябрынан кечикпестен. |
| Ишкердик үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлк салыгы. | Ар жыл сайын, жылдын 1-сентябрынан кийинки күндөн кечикпестен. |
| 3-группадагы ишкердик үчүн колдонулуп жаткан кыймылсыз мүлк салыгы | Квартал сайын, учурдагы ар үчүнчү айдын 20-сынан кийинки күндөн кечикпестен, ушул жыл ичинде тең бөлүктөр менен. |
| Жеке жактар үчүн транспорт каражаттарына салыктан алынуучу акы. | Ар жыл сайын, жылдын 1-сентябрынан кечикпестен. |
| Мажбурлуу патентке алына турган салык. | - |
| Ыктыярдуу патентке алына турган салык. | - |
| Патент менен иштеген жумушчулар үчүн киреше салыгы. | - |
Салык төлөөдө комиссия канча болот?
| Эгер салыктын суммасы | Комиссия* | |
| 5 000 сомго чейин | 5,1 сом | |
| 5 001 – 20 000 сом | 10,2 сом | |
| 20 000 сомдон ашык | 15,3 сом | |
| (*) - КР мыйзамдарында каралган бардык салыктар жана төлөмдөрдү эске алуу менен. | ||
Төлөмдүн аткарылыш датасы жана статусу анын жүргүзүлгөн убактысына жараша болот
| Эгер салыктын суммасы | Комиссия* | |
| 5 000 сомго чейин | 5,1 сом | |
| 5 001 – 20 000 сом | 10,2 сом | |
| 20 000 сомдон ашык | 15,3 сом | |
| (*) - КР мыйзамдарында каралган бардык салыктар жана төлөмдөрдү эске алуу менен. | ||
Ыкчам онлайн-төлөмдөр
DemirBank'тын Интернет-банкинги менен каалаган кызматтарды оңой жана тез төлөңүз!
Сиз үчүн жеткиликтүү:
- Төлөмдөргө 24/7 жеткиликтүүлүк
- 300дөн ашык кызмат көрсөтүүчү – мобилдик байланыштан тартып коммуналдык төлөмдөргө чейин
- Төлөмдөрдүн статусун реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө
Керектүү кызматтарга болгону үч кадам менен төлөңүз:
- Өзүңүздүн сом эсебиңизди тандаңыз;
- Төлөй турган кызматты тандап, сумманы киргизиңиз;
- Төлөмдү ырастаңыз.
Төлөм бүткөндөн кийин, анын статусу дароо Интернет-банкингиңизде көрсөтүлөт.
Минималдуу төлөм суммасы:
DemirBank карталарынын баары (Элкарт төлөм системасынан башкасы) интернеттеги коопсуз сатып алуулар үчүн 3D-Secure технологиясы менен корголгон. 3D-Secure колдогон сайттарда төлөм жүргүзгөндө, телефонуңузга ырастоо коду менен SMS келет. Бул төлөмдөрүңүздү алдамчылыктан коргойт.
Маанилүү:
- 3D-Secure колдогон сайттарда дароо төлөсөңүз болот – интернет төлөмдөргө жеткиликтүүлүктү атайын ачуунун кереги жок
- 3D-Secure колдобогон сайттарда биринчи банк аркылуу интернет-төлөмдөргө жеткиликтүүлүктү ачуу керек
Интернет-төлөмдөргө жеткиликтүүлүктү ачуунун эки жолу бар:
- DemirBankтын каалаган филиалына барып, арызга кол коюу.
- customercare@demirbank.kg дарегине кат жазып, арыз формасын алуу.
ЭСКЕРТҮҮ! Электрондук почтаңыз жана телефон номериңиз банк базасында катталган маалыматтарга дал келгенин текшериңиз.
