Акча которуулар

Улуттук валютада акча которууларды төмөнкү каналдар аркылуу жүргүзө аласыз:

  • Банк бөлүмдөрү аркылуу (КЛИРИНГ, ГРОСС, банк ичиндеги которуулар, анын ичинде кредиттик карта боюнча карызды төлөө);
  • Интернет-банкинг аркылуу (КЛИРИНГ, ГРОСС, банк ичиндеги которуулар, анын ичинде кредиттик карта боюнча карызды төлөө). Бул үчүн «Толук Режим» функциясы кошулган болушу керек;
  • Банк банкоматтары аркылуу (банк ичиндеги которуулар, анын ичинде кредиттик карта боюнча карызды төлөө).

Акча которууларды жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр керектелет:

  1. DemirBankта эсеп ачуу;
  2. Эсебиңизди которуу суммасына жана комиссияга (эгер КЛИРИНГ же ГРОСС аркылуу болсо) жетиштүү суммага толуктоо;
  3. Которуу үчүн керектүү реквизиттерди (эсеп номери, БИК, банк аты ж.б.) камсыздаңыз.

Акча которуу системалары

КЛИРИНГ акча которуулары

КЛИРИНГ — Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктар арасында акча которуулардын системасы. Акча жөнөтүүчүнүн эсептик эсебинен алуучунун эсептик эсебине которулат.

* КЛИРИНГ аркылуу бир төлөм тапшырмасынын максималдуу суммасы — 1 000 000 сомго чейин.

Комиссиялар тууралуу маалыматты бул жерден билсеңиз болот


ГРОСС

ГРОСС КЛИРИНГден ылдамдыгы жана операция көлөмү боюнча айырмаланат. Ири суммадагы жана шашылыш төлөмдөр үчүн колдонулат.

* ГРОСС аркылуу бир төлөм тапшырмасынын суммасы боюнча чектөө жок.

Комиссиялар тууралуу маалыматты бул жерден билсеңиз болот


Банк ичинде акча которуулар

DemirBank ичиндеги которуулар аркылуу сиз акча каражаттарын ылдам жибере аласыз:

  • DemirBankта ачылган эсептериңиз ортосунда, анын ичинде кредиттик карта боюнча карызды төлөө үчүн;
  • Эсептериңизден DemirBankта ачылган үчүнчү жактардын эсептерине.
DemirBankтын акча которуулар боюнча тарифтери
Улуттук валютада КЛИРИНГ аркылуу акча которуулар боюнча комиссиялар
Бөлүмдөр/сактык кассалар аркылуу (клиринг убактысынын ичинде, саат 9:00дөн 11:00гө чейин).
5 000 сомго чейин 5 сом
5 001 сомдон 100 000 сомго чейин50 сом
100 001 сомдон 500 000 сомго чейин 60 сом
500 000 сомдон жогору70 сом
Интернет-Банкинг аркылуу 9:00дөн 11:45ке чейин клиринг убактысында12 сом
Улуттук валютада ГРОСС аркылуу акча которуулар боюнча комиссиялар
Бөлүмдөр/сактык кассалары аркылуу гросс убактысынын ичинде саат 9:00дөн 15:00гө чейин (майрам алдындагы күндөрү саат 14:00кө чейин).165 сом
Интернет-Банкинг аркылуу гросс убактысынын ичинде саат 9:00дөн 16:00гө чейин (майрам алдындагы күндөрү саат 15:00кө чейин).12 сом
Улуттук валютада ГРОСС аркылуу акча которуулар боюнча комиссиялар
Банк бөлүмдөрү аркылуу кардардын эсептеринин ортосунда.Акысыз
Банк бөлүмдөрү аркылуу үчүнчү жактардын эсептерине.15 сом
Интернет - Банкинг аркылуу Акысыз
DemirBankтын банкоматтары аркылуу Акысыз