Урматтуу өнөктөштөр!

Туруктуу жана өз ара пайдалуу кызматташуу максатында ЖАК «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» финансылык терроризм жана Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы мыйзам чыгаруу базасы ошондой эле ЖАК «ДКИБ» тарабынан тиешелүү мыйзамга ылайык ишке ашырылып жаткан чаралар жөнундө сиздерге маалымат берүүнү зарыл деп эсептейт.

Кыргызстандын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү (ККЛ/ТИКА) жөнүндө мыйзамы мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыккан жана ФАТФ, эл аралык конвенциялардын сунуштамаларына жана Базель комитетинин ошондой эле БУУдун Коопсуздук Кенешинин резолюцияларына негизделген бир катар нормативдик иш кагаздары менен көрсөтүлгөн. Ошентип, негизги ченемдик иш кагазы болуп "Терроризмди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө" КРнын мыйзамы эсептелинет. Бул мыйзам 31 –августта 2006-ж. кабыл алынган, 8-ноябрда 2006-ж. өз күчүнө кирген, 2009-ж. өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилген. Бул мыйзам милдеттүү көзөмөлгө алынуучу операциялар (бүтүмдөр) жөнундө маалымат берүүчү коммерциялык банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди камтыган жактардын иштерин жөнгө салган биринчи ченемдик укуктук акты болуп саналат. 

Жалпысынан мыйзам коммерциялык банкттарга болгон талаптарды ошону менен бирге милдеттүү көзөмөлгө алынуучу операциялар (бүтүмдөр) (1 млн.сомго/дон барабар/ашык суммалар) тууралуу күнүмдүк маалымат берүүнү, шектүү белгилерди камтыган операцияларды (ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан шектүү операциялар тизмесине ылайык) , ошондой эле чет элдик саясий мааниге ээ жактардын операциялары боюнча талаптарды, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракетенүү (ККЛ/ТИКА) аймагында корреспонденттик мамилелерди курууга болгон талаптарды, Финансылык Чалгындоо Мамлекеттик Кызматынын (ФЧМК) суроо-талаптарына жоопторду берүү тартибин жана берилген мыйзамды бузуу боюнча жоопкерчиликти ичине камтыйт.

ККЛ/ТИКА боюнча ички контролдоо эрежелерин сактоого жана ишке ашырууга жоопкерчиликтүү болгон кызмат адамын дайындоо мыйзамдын негизги талаптарынын бири болуп эсептелет. Эрежелерди иштеп чыгуу, банктын бардык түзүлүштөрүнүн деӊгээлинде кылмыштуу кирешелерди легализациялоо жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички көзөмөлдөө системасынын эффективдүү иштөөсү үчүн жол-жоболорду банктын иш-аракетинин өзгөчөлүгүн, анын продуктуларынын жана банктын бөлүмдөр арасы өз ара аракеттенүүлөрүн эске алуу менен ишке киргизүү жана аны жүзөгө ашыруу үчүн ЖАК «ДКИБ» тарабынан шайкештик бөлүмү түзүлгөн. Мыйзам чыгаруунун талаптарына ылайык шайкештик бөлүмүнүн көз карандысыздыгы анын банк ичинде уюмдук түзүлүшүндөгү абалы менен камсыздалган – Директорлор Кенешине түздөн түз отчеттуулугу жана бөлүмдүн күнүмдүк иш алып баруусу банктын Генералдык Башкаруучусу тарабынан жөнгө салынуусу. Шайкештик бөлүмүнүн негизги функциялары ички көзөмөлдүн эффективдүү болуусуна ошону менен бирге операциялар боюнча ФЧМКна күнүмдүк маалымат жөнөтүүгө, шектүү операцияларды аныктоого, «Өз Кардарыӊды Бил» принциптерин ишке киргизүүгө/жакшыртууга, банктын кызматкерлерин окутууга жана тиешелүү ички ченемдик иш кагаздарын иштеп чыгууга багытталган. Ошентип, ЖАК «ДКИБ» тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунун талаптарына шайкеш үч негизги ички ченемдик иш кагаздары иштелип чыккан: «Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого бөгөт коюу» Саясаты, «Операцияларды аныктоо жана Финансылык Чалгындоо Мамлекеттик Кызматына (ФЧМК) берүү жана жашырын информациялар менен иштөө тартиби жөнундө» Жол-жобо жана «Өз Кардарыӊды Бил» Көрсөтмөсү. Жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздары толугу менен ички көзөмөлдөө механизмин жөнгө салат. Банктын кызматкерлери тарабынан өз функциялары жана ыйгарымдарынын чегинде сакталган кылмыштуу кирешелерди легализациялоо жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча белгилүү чаралар ички көзөмөлдөө эрежелеринин ишке ашырылуусуна катышкан башка бөлүмдөрдүн ченемдик иш кагаздарында да чагылдырылган.

Башка банктар менен болгон корреспонденттик мамилелерге карата да ички көзөмөлдөө чаралары колдонулат. Эӊ башкысы, ЖАК «ДКИБ» кабыкча банктар менен жана оффшордук аймактарда катталган банктар менен корреспонденттик мамилелери жок, мындай финансылык институттарга каражаттарды салбайт. ЛОРО жана НОСТРО эсептерин ачуудан мурун шайкештик бөлүмү тиешелүү бөлүмдөрдүн аракеттерине кошумчалап банктын анын ККЛ/ТИКА боюнча анкетасынын же жеткиликтүү маалымат булактарды колдонуунун негизинде ККЛ/ТИКА боюнча абалын изилдеп чыгат (анын физикалык жактан бар болушун, акционердик түзүлүшүн, тиешелүү өлкөдөгү ККЛ/ТИКА боюнча ченемдик базасын, «Өз Кардарыӊды Бил» принциптерин, мамлекеттик органга отчеттуулукту ж.б.).

Жогоруда айтылгандардын негизинде ЖАК «ДКИБ» кылмыштуу кирешерлерди легализациялоо жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча саясаттын банк тарабынан жүзөгө ашырылуусун ошондой эле ККЛ/ТИКА боюнча ички көзөмөлдөөнүн эффективдүүлүгүн колдоо банктын Башкаруу органы жана Директорлор Кенеши тарабынан көзөмөлдөөнүүсүн белгилеп коюуну керектүү деп эсептейт.

Сиздерге кызматташуу учун ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана мындан ары түшүмдүү өнөктөшүүгө үмүттөнөбүз.