ЖООПКЕРЧИЛИК

DemirBank өз кардарларын жана өнөктөштөрүн баалайт жана ишенимдүү көп жылдык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен көрсөтүлүп жаткан кызматтарынын сапатына милдет жана жоопкерчилик тартат. DemirBank кардарларынын ийгилиги жана банкка көрсөткөн ишеними – бул банктын кызматкерлеринин профессионализминин көрсөткүчү.

БЕРИЛГЕНДИК

DemirBank кызматкерлери бул – банктын эң баалуу активи, брендке берилип иштеген жана мыкты жыйынтыктарга жетүүнү көздөгөн кесипкөйлөрдүн күчтүү командасы. Банктын кызматкерлери эң мыкты көрсөткүчтөргө жетүүгө умтулушат, ал эми банк, өз учурунда , кызматкерлерине өз милдеттерин жакшы аткарууга жана демилге көрсөтүүгө, банктын кийинки негизги ишкердик өзгөчөлүктөрүн аныктоого мүмкүнчүлук түзүүчү натыйжалуу организациялык түзүлүштү түзүүнүн жана колдоонун үстүнөн иштеп келет: 

  1. Эл аралык сапаттын стандарттарына ылайык жогорку квалификациядагы тейлөө;
  2. Чечим кабыл алуудагы ийкемдүүлүк;
  3. Кардарларга жекече мамиле жасоо

    ;

  4. Өз ара пайдалуу жыйынтыктары бар өнөктөштүк.
КООМДУК ИШТЕР

DemirBank – социалдык жактан жоопкерчиликтүү банк, өзүнүн социалдык саясатынын алкагында коомдун өнүгүүүсүнө жана курч маселелерди чечүүгө өз салымын кошууга умтулат. Банк ар дайым коомго көмөк көрсөтөт жана Кыргызстандыктардын материалдык жана руханий баалуулуктарын көбөйтүүгө аракет жасайт.

Банк, кардарлары жана өнөктөштөрү жашаган коомго камкордук көрүү жана аны колдоо – DemirBankтын эң маанилүү маселелеринин бири.