DemirBank жүз пайыз чет өлкөлүк капитал менен ачылган Кыргызстандагы алгачкы эл аралык банк болуп саналат.

Кыргызстандын рыногундагы ийгиликтүү тажрыйбанын 20 жылы ичинде банк өзүн эл аралык инвестиция катышкан Кыргызстандагы эӊ ийгиликтүү долбоорлордун бири катары көрсөтө алды. Кардарлар менен туруктуу мамилелер, эл аралык стандарттарды колдонуу жана кесипкөй адистердин күчтүү командасы банкка рыноктогу атандааштык артыкчылыкты тартуулайт жана аны кардарлар үчүн ишенимдүү өнөктөш кылат.

HCBGHoldingBV «HCBG» – 16-май, 2003-жылы Амстердам, Нидерланддагы штаб-квартира менен катталган, Нидерланддын мыйзамдарына ылайык иштеген каржылык холдингдик компания. Компаниянын ишмердиги төрт түйүндүү сегментти камтыйт: каржылык кызматтар, искусство, технологиялар жана кыймылсыз мүлккө инвестициялар. Компания өзүндө болгон тажрыйбаны, ноу-хауну жана тармакты тобокелдиктерди кайтаруу боюнча оптималдуу бүтүмдөрдү ишке ашыруу үчүн, активдердин диверсификацияланган, кыска мөөнөттүү перспективада туруктуу кирешени камсыз кылуучу портфелин түзүү үчүн колдонууга умтулат.

Халит Джынгыллыоглу мырза, DemirBankтын негизги акционери, 30 жылдан бери Түркияда, Нидерландда, Германияда, Казакстанда, Кыргызстанда каржылык сферадагы ишмердикти ийгиликтүү жүргүзүп келет. Банктык тутумда, брокерлик агенттиктерде, лизингдик, факторингдик жана камсыздандыруучулук компанияларда иштөөнүн чоӊ тажрыйбасына ээ.

2004-жылдын экинчи июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен ДКИБдин негизги акционери жана Директорлор Кеӊешинин Төрагасы Халит Джынгыллыоглуга «кыргыз-түрк экономикалык кызматташтыгын тереӊдетүүгө жана эки элдин ортосундагы достукту чыӊдоого сиӊирген олуттуу эмгеги үчүн» Ардак Грамота ыйгарылган.