5 жылга чейинки көп мөөнөттүк насыялар инвестициялык насыя форматында жеткиликтүү. Инвестициялык насыя кийинки максаттарга берилүүсү мүмкүн: жабдууларды, кыймылсыз мүлк, транспорттук, курулуш же башка ар кандай техникаларды сатып алууга, капиталдык ремонтко, реконструкцияга, курулушка, мекеменин насыяларын кайра каржылоого.

Каржылоо түрлөрү:
- бир жолку насыя - төлөм графиги бар насыянын классикалык түрү;
- жаңыланбоочу насыя линиясы - белгиленген мөөнөттүн жана лимиттин алкагында лимитти бир жолу колдонуу жана бир нече транштарды жоюу мүмкүнчүлүгү менен насыялар.

ДЕМИР БАНК – СИЗДИН ДОЛБООРЛОРУҢУЗДУ ИШКЕ АШЫРУУДАГЫ ИШЕНИМДҮҮ ӨНӨКТӨШ!       

Кичи жана Орто бизнес кардарларына
- 100 000 сомдон баштап
- 1 500 АКШ доллардан баштап
Улуттук валюта (сом) менен пайыздык коюм %  21% жылдык пайыздык чени (баштап)*
*Эффективдүү пайыздык чени - 22,27%
АКШ доллары менен пайыздык коюм %  12% жылдык пайыздык чени (баштап)*
ффективдүү пайыздык чени - 12,87%
Корпоративдик кардарларга - 450 000 000 сомго чейин 
- 6 500 000 АКШ долларга чейин
Улуттук валюта (сом) менен пайыздык коюм %  21% жылдык пайыздык чени (баштап)*
*Эффективдүү пайыздык чени - 22,27%
АКШ доллары менен пайыздык коюм %  12% жылдык пайыздык чени (баштап)*
ффективдүү пайыздык чени - 12,87%
Эскертүү: Натыйжалуу пайыздык ченди тагыраак эсептөө үчүн Банктын адисине кайрылыңыз
Насыя мөөнөтү 3 айдан 60 айга чейин
Жеңилдетилген мезгил 12 айга чейин
Тындыруу графиги - аннуитет – негизги карыздын суммасы жана пайыздар ай сайын бирдей суммада төлөнөт
- жекече (бизнестин өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен)
Күрөөлүк камсыздоо - кыймылсыз мүлк
- кыймылдуу мүлк (автотранспорт, жабдуу, жүгүртүүдөгү товарлар)
- кепилдик
Күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу  күрөөлүк камсыздоонун түрүнө жараша талап кылынат

Эгер суроолор пайда болсо, анда Контакт борборуна төмөнкү номер аркылуу кайрылсаңыздар болот:

+996 312 90 90 60
  • Уюштуруу келишимдеринин топтому – юридикалык жактар үчүн
  • Статистика органдарында жеке ишкананын катталгандыгы тууралуу Күбөлүктүн көчүрмөсү же камсыздандыруу полиси, СИН же патенттин карточкасы – жеке ишкерлер үчүн
  • Арыз берүүчүнүн, арызберүүчүнүн аялынын/күйөөсүнүн, кепилдик берүүчүнүн, кепилдик берүүчүнүн аялынын/күйөөсүнүн паспортунун көчүрмөсү
  • Лицензиянын көчүрмөсү (эгерде колдонулса)
  • Акыркы 3 жыл үчүн (чечмелөөсү менен) жана акыркы отчеттук датага карата каржылык отчеттор – юридикалык жактар үчүн
  • Насыя бересеси тууралуу маалымдама жана тейлеген банктардын эсептери боюнча көчүрмөлөр
  • Аракеттеги контракт/келишимдердин көчүрмөлөрү
  • Ижара тууралуу же соода/сервистик/ өндүрүш түйүнүнө болгон жеке менчик укугу тууралуу документ
  • Мамлекеттик салык инспекциясынан жана Социалдык фонддон карызы жоктугу тууралуу маалымдама
  • Насыя алууга башкармалыктын тешелүү органынын чечими – юридикалык жактар үчүн
  • Күрөөгө коюлуп жаткан мүлккө карата болгон менчик укугун тасктыктоочу документтер, аресттин жоктугу тууралуу маалымдама
  • Баалоочу тарабынан түзүлгөн (жүргүзүлгөн) жана Банк кабыл ала турган күрөө предметин баалоо актысы
  • Зарыл болгон учурда башка документтер