Азыркы учурда, каржы рыногунун кыйла жагымдуу секторлорунун бири болуп мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу саналат.

Мамлекеттик баалуу кагаздар Өкмөттүн жана мамлекеттин Борбордук банкынын мамлекеттик милдеттенмелери болуп саналат.

МАМЛЕКЕТТИК БААЛУУ КАГАЗДАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

Кыргыз Республикасында мамлекеттик баалуу кагаздарды:

    Мамлекеттик Казыналык Векселдер (МКВ) – аларды басып чыгарган орган катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги саналат жана 

    Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ноталары эсептелет.