Көптөгөн айдоочулар кантип ЖКК айыптарын кыска убакыттын ичинде төлөсө болот деп суроо беришет.

Бүгүн, DemirBankтын төлөм жана POS-терминалдары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү менен, ар бир өз убакытын баалаган айдоочу ЖКК айыптарын тез жана оңой төлөй алат.

ЖКК АЙЫПТАРЫН POS-ТЕРМИНАЛ АРКЫЛУУ ТӨЛӨӨНҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
  • Оңой – Эгерде Сиздин картаңыз ар кандай банктын Visa/MasterCard/Элкарт картасы болсо, Сиз ЖКК айыбын төлөй аласыз.
  • Ыңгайлуу – Төлөп бүткөн соң, Сиз протоколдун номери, эреже бузуунун беренеси жана суммасы көрсөтүлгөн төлөө тууралуу дүмүрчөк аласыз.
  • Тез – Ар бир МАИ инспекторунда DemirBankтын POS-терминалы бар. Сиз айыпты кармоо жайында төлөп койсоңуз болот.

  1. МАИ инспекторунан протоколу алыңыз
  2. Жакынкы DemirBank төлөм терминалынын менюсунан “ЖКК айыптарын төлөө” бөлүмүн тандаңыз
  3. Бардык керектүү маалыматыңызды киргизиңиз
  4. Айыпты төлөңүз.
    Внимание! В платежном терминале необходимо помимо указанной суммы штрафа внести дополнительно 20 сомов в качестве комиссии.
  5. Получите чек об оплате.
  1. Картаны өткөрүү же салуу
  2. Пайда болгон менюда “Айып төлөө” пунктун тандап, жашыл түстөгү “ОК” кнопкасын басуу
  3. “Протоколдун сериясын” тандап, жашыл түстөгү “ОК” кнопкасын басуу
  4. “Протоколдун номерин” киргизип, жашыл түстөгү “ОК” кнопкасын басуу
  5. “Берене номерин” киргизип, жашыл түстөгү “ОК” кнопкасын басуу
  6. “Берененин бөлүгүн” киргизип, жашыл түстөгү “ОК” кнопкасын басуу
  7. “Айыптын суммасын” (комиссиясыз) киргизип, жашыл түстөгү “ОК” кнопкасын басуу
  8. Киргизилген сумманын туура экенин тастыктап, жашыл түстөгү “ОК” кнопкасын басуу
  9. Картанын ПИН-кодун киргизип, жашыл түстөгү “ОК” кнопкасын басуу
  10. Андан кийин дүмүрчөктөр басылып чыгат. Биринчи дүмүрчөк басылып чыккандан кийин жашыл түстөгү “ОК” кнопкасын басуу.
    - биринчи дүмүрчөктө картанын ээсинин кол тамгасы үчүн жайы бар (кол тамга сөзсүз түрдө болуусу зарыл, ушул дүмүрчөк ЖКК кызматкеринде калат)
    - экинчи дүмүрчөк картанын ээсинде калат
  11. Операция аяктады.